Биз менен байланышыңыз

Боронов: Эл жашаган 114 аймакта вирусту жуктуруп алуу кооптуулугу бар

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 1578 | 0

Учурда мобилдик топтор түзүлүп, эл жашаган 114 аймакта коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар экендиги аныкталып чыкты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, ошол жерлерде жашаган калктын баарын эпидемиологдор, тиешелүү медициналык кызматкерлер жана башка кызматтын өкүлдөрү менен чогулуп, сурамжылоо жолу менен, керектүү учурда экспресс-тесттер менен анализдерин алып, анын жыйынтыгына жараша андан аркы иштерди жүргүзүп жатышат.

Кээ бир айматарда жарандарыбыз, өзү билбей, кимден жуктурганын билбей калган учурлар катталып жатат. Ошого байланыштуу Коопсуздук кеңештин жыйынында, Ресапубликалык штаб, өлкөнүн кооптуу деген жерлеринде өзгөчө абал режимин узартып турууну сунуштады, — деди биринчи вице-премьер-министр Боронов.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти.  437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM