Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүү күздө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 495 | 0

Өзбекстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ) өндүрүү ушул жылдын күзүндө башталат. Бул тууралуу бүгүн Ташкентте өткөн брифингде Инновациялык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Назокат Абдукундузова билдирди.

Өпкөнүн жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүү боюнча технологияларды алып келүү Словакиянын Chirana компаниясы жана орусиялык өнөктөштөрү менен биргеликте жүргүзүлөт.

Учурда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды сыноо үчүн үлгүлөрү даярдалды. Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, өндүрүш ушул жылдын күзүндө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM