Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан 416 адам айыкты

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 345 | 0

Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып чыккандардын аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Ош шаары – 2;
  • Ош облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл обслусу — 4;
  • Баткен обслусу — 1.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 708ге жетти.  416 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM