Биз менен байланышыңыз

Казакстанда өзгөчө абал 11-майга чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 678 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустан улам өзгөчө абалды 11-майга чейин узартты. Бул туурасында Tengrinews.kz. сайты жазды.

Биздин өлкөдөгү кырдаалдын жана Мамлекеттик комиссиянын жана эксперттердин сунушунун негизинде мен өзгөчө кырдаал режимин ушул жылдын 11-майына чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол коюуну чечтим,  — деп билдирген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Ошондой эле, ал эгерде эпидемия кайрадан жанданып кетпесе, мыйзам боюнча 11-майда өзгөчө абал аягына чыга турганын билдирген.

Казакстанда 16-марттан 1-майга чейин өзгөчө абал киргизилген.

27-апрелге карата аталган өлкөдө COVID-19 жуктурган 2 717 учур катталган. Анын ичинен 27 адам көз жумуп, 682 киши айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM