Биз менен байланышыңыз

АКШ карантинди токтотууну баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 673 | 0

АКШда айрым штаттар карантинди алып салууну баштады. Бул тууралуу Euronews жазып чыкты.

Санитардык чектөөлөр токтотулган “жол картасы” чыгарылган соң, алгачкылардан болуп Жорджия, Түштүк Каролина, Оклахома жана Аляска штаттары карантинди токтотууну баштады.

Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, Лос-Анжелесте күндүн ысыгына карабай адам мурдагыга салыштырмалуу аз экендигин байкоого болот.

Бул арада Дональд Трамп күн сайынкы брифингди токтоторун билдирди.

— Айрым калпычы ЖМКлар негативдүү, душмандык негиздеги гана суроолорду берип, кайра чындыкты , чыныгы фактыны элге таркатуудан баш тартышат,-дейт Трамп.

АКШнын Нью-Йорк шаары эпидемиянын очогу бойдон калууда. Соңку маалыматтарга ылайык, аталган штатта бир суткада коронавирустан улам каза болгондордун саны 437ни түздү.

Белгилей кетсек, АКШда коронавирусту жуктуруунун көрсөткүчү дүйнө боюнча биринчи сапта турат. Аталган өлкөдө вирус жуктургандар 940 миңге чукулдаса, анын 54 миңге жакын киши өлдү.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 2 миллион 900 миң кишиге жакындады. 26-апрелге карата жалпы 203 миңден ашуун адам COVID-19 илдетинен каза болсо, 830 миңдей бейтап айыгып чыкты.


Сауд Аравияда коменданттык саат кыскарды. Меккеде абал кандай?

Copyright © 2017 Maral FM