Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 61 киши эреже бузуп, 34 унаа айып төлөөчү жайга коюлду

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 512 | 0

26-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 61 киши бузду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымдашты.

Ошондой эле, 34 автоунаа айып төлөөчү жайларга токтотулган.

Талапты аткарбагандардын ичинен: Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында — 4, Ат-Башы районунда — 4, Сузак районунда  6 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. Ал эми Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузуу катталган жок.

Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тартып 3 502 киши коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалып, кайра коё берилди.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин адамдар жөө жана машинеси менен болсо да көчөгө чыкпоого милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM