Биз менен байланышыңыз

25-апрель: Коронавирусту жуктургандар азайды, бүгүн 9 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 768 | 0

25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 4;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 1.

Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү.

Анын ичинен: стационарда – 312,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча алсак:

  • Ош облусу — 157;
  • Бишкек — 151;
  • Жалал-Абад облусу — 109;
  • Ош шаары — 108;
  • Нарын облусу — 83;
  • Чүй облусу — 43;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Баткен облусу — 6.

Copyright © 2017 Maral FM