Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылган медкызматкерлердин саны 170тен ашты

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 350 | 0

COVID-19 диагнозу менен катталган медициналык кызматкерлердин саны 172ге жетти. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.

24-апрелге карата бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
Нарын облусунда – 6
Ош облусунда – 2
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 172 учур катталды.

Ал эми коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган медкызматкерлердин саны 53тү түздү . Алардын ичинен: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын саны 656га жетти.

Анын ичинен: стационарда – 326,  жандандыруу бөлүмүндө – 5 адам. 322 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


Коронавирус жуктургандардын жаш курагы жана аймактар боюнча бөлүнүшү

Copyright © 2017 Maral FM