Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген жаран оорусун жашырып, жакындарына вирусту жуктурган

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 794 | 0

Ош шаарында Орусиядан коронавирус жуктуруп келип, ооруну жашырып жүргөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Маалыматка ылайык, аны менен байланышта болгон жакындары обсервацияга алынган.

— Бул жаран Ош шаарындагы айылдардын биринде жашайт экен. Орусиядан апрель айында учуп келиптир. Ал келгенде медициналык кароодон өтпөй, үйүндө бала-чакасы менен карым-катнашта болуп жүрө берген. Бүгүнкү күндө оорууну жаап-жашырганы толук кандуу аныкталып, коронавирусту өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жуктуруп, андан сырткары, дагы 10 адам обсервацияга алынды,- деди Нурдинов.

Ал жарандын үстүнөн бүгүн кылмыш иши козголду. Жазык кодексинин 280-беренесинин (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) негизинде жоопкерчиликке тартылары айтылды.

21-апрелге карата республика боюнча СOVID-19га чалдыккандардын саны 590го жетти. Алардын 216сы айыкса, 7 киши каза болгон.


21-апрель: Коронавирусту жуктурган 22 учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM