Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев отставкага арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 742 | 0

Өкмөт башчы кызматтан кетүү үчүн отставкага арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын пресс-катчысы Адилет Султаналиев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

— Социалдык тармактарда Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүүгө арыз жазды деген маалымат таркап жатат. Бул маалымат фейк болуп саналат жана чындыкка дал келбейт. Ал кызматын күчөтүлгөн тартипте улантууда, айрыкча, коронавирус илдети менен күрөшүү шартында күн сайын, дем алышсыз милдетин аткарып жаткан учуру, — деди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев 2 жыл мурда, ушул күнү, тактап айтканда, 20-апрелде өкмөт башчы болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM