Биз менен байланышыңыз

Дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 568

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 815 | 0

Бүгүн, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 4
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Жалал-Абад облусу — 3
Нарын облусу – 1

Муну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 568ге жетти.


20-апрель: Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду


СOVID-19: Дагы 68 жаран айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM