Биз менен байланышыңыз

Президент: Өлкөнү өнүктүрүү үчүн чечкиндүү реформаларды жүргүзүү зарыл

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 468 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчысы коронавирус апаатынан улам орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тууралап, кайра карап чыгуу, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кыйын кырдаал күндөлүк турмуштун көп жактарына терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Туруктуу өнүгүү факторлорун кайрадан баалоо жүрүп жатат.

Постпандемиялык мезгилде ата мекендик экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарга стратегиялык максаттар жана багыттар чагылдырылган узак мөөнөттүү Экономикалык концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Аталган Концепция жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана заманбап чакырыктарга таянуу менен дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен иштелип чыгышы керек.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкерлерге фискалдык, каржылык жана административдик колдоо боюнча чараларды өзүнө камтыган Өкмөттүн кризиске каршы чараларынын экинчи пакетин иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдады.

Аталган чараларды ишке ашыруу 2020-жылдын аягына чейин мерчемделген жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган. Ал бул максаттарга 14 млрд сомдун тегерегиндеги суммада ички жана сырткы булактар аныкталганын айтты.

Асрандиев, ошондой эле, бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, посткризистик мезгилде өнүктүрүү программаларын жана социалдык-экономикалык түзүмдүк реформалар пакетин иштеп чыгуу үчүн эксперттерден, ишкерлер коомчулугу менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады.

Вице-премьер-министр бул иштер ишкерлердин, донорлордун, жарандык коомчулуктун сунуштары жана демилгелерин эске алуу менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM