Биз менен байланышыңыз

Премьер Өкмөт мүчөлөрү менен коронавирус учурундагы экономикалык абалды талкуулады

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 355 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча Өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Премьер инфекциянын жер-жерлерде жайылуусу жада калса дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө саламаттык сактоо системасын кризиске алып келгенин белгиледи.

Вирус улуттук саламаттык сактоо системасындагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү, жада калса мамлекеттик башкаруудагы курч маселелерди ачыктады. Өкмөткө кыйла маанилүү финансылык да, материалдык да резервдери жок шартта өз жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча чараларды шашылыш түрдө кабыл алууга туура келди. Түзүлгөн жагдай пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн ата мекендик саламаттык сактоо системасында дараметтин жетишсиз экендигин көрсөттү. Биз баарыбыз жарандардын саламаттыгын биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин өз жанын аябагандыгынын аркасында сактоого мүмкүн болуп жатканына күбө болуп турабыз, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер коронавирус апааты мунайзат жана валюта рынокторундагы туруксуздуктардан келип чыккан азык-түлүк кризисинин тобокелдиктери менен коштолгону кырдаалды татаалдаштырганын  белгиледи. Бирок, Өкмөт жүк ташуулардын негизги агымын жана товарларды импорттоонун көлөмүн сактап кала алганын айтты.

Биз базарларда атайылап түзүлгөн дүрбөлөңдөн пайда табууну каалагандардын аракеттерин катаал түрдө токтотуп, негизги тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүшүнө жол берген жокпуз. Чекене бааларга күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантуудабыз, тынымсыз жүрүп турган бааларды негизсиз көтөрүү аракеттеринин алдын алууга жетишип жатабыз. Жарандарыбыз күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк менен камсыз болорунан, ал эми муктаждарга жардам көрсөтүлөрүнөн күмөн санабоого тийиш, — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал убактылуу кыйынчылыктар эң коркунучтуу нерсе – кооптуу инфекциянын кеңири жайылышына жол бербөө максатында киргизилгенин белгиледи. Бул аргасыз, бирок жашоо үчүн зарыл чечим болду.

Ар бирибизге кесепетин тийгизген коронавирус пандемиясы биздин өлкө үчүн эң бир орчундуу сыноо катары гана эмес, улуттук экономиканы жөнгө салуу принциптерине жаңыча көз караш менен кароого шарт түзгөн маанилүү тарыхый учур болуп калат деп ишенебиз, — деп ырастады Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM