Биз менен байланышыңыз

Футбол: Эмир Шигайбаевдин «Неманы» минскилик «Динамого» каршы ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2020 | 578 | 0

Бүгүн, 16-апрелде Беларуcсиянын футбол боюнча чемпионатынын 5-туру башталат. Кыргызстандык Эмир Шигайбаевдин “Неман” клубу минскилик “Динамо” менен кездешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 22:30да башталат.

Коронавирус эпидемиясы каптагандан бүтүндөй Европа, Азия жана башка континенттерде футбол токтотулганына карабай, Беларуссияда чемпионат уланууда.

Кошумчалай кетсек, “Неман” клубунда буга чейин Кыргызстандын 2019-жылдагы мыкты футболчусу, Улуттук кураманын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов ойногон.

Copyright © 2017 Maral FM