Биз менен байланышыңыз

16-апрелде СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 804 | 0

Кыргызстанда 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Алардын 5и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Илдетке Бишкек шаарынан – 5, Ош облусу – 1, Нарын облусунда – 11 адам кабылган. Жаӊы катталган учурларда 7 аял, 10 эркек бар экендиги айтылды.

Муну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын тастыкталган  жалпы 466 учуру катталды.

Copyright © 2017 Maral FM