Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы беш бейтап коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 797 | 0

Бүгүн, 11-апрелде сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды. Алар Ош облусунан — 1, Жалал-Абад шаарынан — 3, Бишкек шаарынан бирөө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп ушул ушурга чейин 44 бейтап коронавирустан айыгып чыкты.

Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -19ду түзөт.
Алардын тогузу оор абалда, алардын ичинен, 5 адам реанимацияда.

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 339 учурга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM