Биз менен байланышыңыз

30 жаштагы Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңештин депутаты болду

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 1050 | 0

30 жаштагы Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал «Республика — Ата Журт» фракциясынын тизмесинен депутат болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-апрелде билдирди.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалгандан кийин анын орду бош калган. Мыйзам боюнча бош орунду тизмедеги кийинки талапкер ээлейт.

Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда төрөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM