30 жаштагы Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал «Республика — Ата Журт» фракциясынын тизмесинен депутат болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалгандан кийин анын орду бош калган. Мыйзам боюнча бош орунду тизмедеги кийинки талапкер ээлейт.
Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда төрөлгөн.