Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада 63 адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 504 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын жаңы 63 учуру катталды. Бул тууралуу centralasia.media жазды.

Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, инфекциянын 63 учурунун 61и чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган, калган экөө Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында катталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата Кытайда 81,8 миң адам коронавирусту жуктурган. Алардын ичинен өлгөндөрдүн саны 3335 кишиге жетти. Өткөн суткада Ухань шаарында эки бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM