Биз менен байланышыңыз

Карантиндик зонада иштеген медкызматкерлерге компенсация бериле баштады

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 487 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медкызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн:
1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;
2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.

Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:
— дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;
— орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;
— кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;
— нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.

Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды, — деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов.

Ошондой эле, 2-3 күндүн ичинде Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканын бардык мобилизацияланган медициналык кызматкерлерине март айындагы эмгек акыны 100% төлөөнү пландаштырууда. Бул стационарлардагы медициналык кызматкерлерге баштапкы-медициналык-санитардык жардам (ҮМБ/ҮДТ/ФАП), ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтар.

38,5 млн сом өлчөмүндөгү төлөмдөр Саламаттыкты сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 8-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги март айы үчүн COVID 19 катталган очоктордо иштеп жаткан медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзө баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM