Орусияда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 8 672 кишиге жетти. Алардын ичинен 580 адам айыгып, 63 адам көз жумган. Бул тууралуу Федералдык штабдын маалыматына таянып РБК жазды.
Орусияда өткөн бир суткада 1 175 коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталды.
Жаңы учурлардын эң көп саны Москвада катталган (660), жалпысынан борбор калаада 5 841 адамга жуккан.
Пандемия башталгандан бери жалпы 85 административдик аймактын 81инде коронавирус аныкталган.