Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 478 | 0

Бүгүн, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар M. Х. Хаджар  коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын белгиледи.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM