Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Орусия экономикалык кызматташуунун жаңы программасын иштеп чыгат

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 326 | 0

Өзбекстан менен Орусия бир айдын ичинде экономикалык кызматташуунун жаңы программасын иштеп чыгууга макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигине таянып centralasia.media жазды.

Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун катышуусунда видеоконференция болуп өттү.

Видеоконференциянын жүрүшүндө ич ара пайдалуу инвестициялык кызматташтык боюнча келечектүү сунуштардын топтому талкууланды. Анын ичинде биргелешкен жогорку технологиялык агро өнөр жай кластерлерин, ошондой эле жемиштерди жана жашылчаларды жана башка продуктуларды сактоо, кайра иштетүү жана жайылтуу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү каралды.

Ошондой эле, эки өлкөнүн тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу ыкмаларын айкалыштыруу механизми каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун жаңы багыттарын — өнөр жай кызматташтыгынын биргелешкен демилгелерин жана соода келишимдерин иштеп чыгуу үчүн Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин жетекчилиги менен Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда тыгыз байланыш түзүү аркылуу туруктуу иштөө механизмин түзүүгө макул болушту.

Бир айдын ичинде конкреттүү экономикалык кызматташуунун жаңы программасын түзүү милдети коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM