Биз менен байланышыңыз

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган ундун сапаты текшерилди

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 320 | 0

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери коюлган бардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алынып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада № 56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес.

«Кант-Дан-Азык» акционердик коомунда жана «Дан» мамлекеттик ишканасында даяр продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM