Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 19га жетти

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 1431 | 0

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 19га жетти. 7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 менен катталган жаңы  12 учурдун арасында 7 киши медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жуктуруп алгандардын төртөө Ноокат районундагы обсервациядагыларды караган дарыгерлер болгон. Алардын бирөө врач, үчөө медайым. Калганы Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасындагы 2 врач, бир медайым.

Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларга жайгашты. Жуктуруп алган дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 228га жетти. Алардын ичинен 42 адам айыгып, төртөө каза болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM