Биз менен байланышыңыз

АКШ аскерлери коронавирустун жайылышына каршы күрөшкө тартылды

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 440 | 0

АКШ бийлиги коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Нью-Йоркко аскер жиберет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө өткөн брифингде билдирген.

Президент жалпысынан Нью-Йорк штатына 1 миң аскер жана өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппараттарын (механикалык вентиляция) жөнөтүү жөнүндө жарыялады.

«Азыр кампаларда 10 миңдей аппарат бар»,  -деди Трамп.

Президент ошондой эле АКШнын штаттарына да миңдеген аскер кызматкерлери жөнөтүлө турганын билдирди. Жөнөтүлчү аскер кызматчыларынын катарына аскер дарыгерлери жана медайымдар кирет.

Bloomberg журналы билдиргендей, АКШда кийинки жумада “эң оор” абал болушу мүмкүн, өлкөдө өлүм көп катталышы мүмкүн.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 308 850гө жетти. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 8 407 адам көз жумган, алардын көпчүлүгү Нью-Йоркто (1905) катталган.

Copyright © 2017 Maral FM