Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө 1 454 адам обсервацияда жатат

Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 319 | 0

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миң 454 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта 1 миң 454 адам обсервацияда жатат.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 249, Чүй облусунда – 79, Ош шаарында – 30, Ош облусунда – 246, Жалал-Абад – 86, Баткен облусунда — 468, Нарын облусунда -77, Талас облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда — 91 адам ”, — деди Абдикаримов.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 147ге жетти. Алардын ичинен 8 адам айыгып, бирөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM