Биз менен байланышыңыз

Боронов: Жазгы-талаа иштери кечиктирилбестен өтүүгө тийиш

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 496 | 0

Аймактарындагы жазгы-талаа иштери кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш. Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өзгөчө абал режими маалында жазгы-талаа иштери өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш, кечиктирүүгө болбойт. Айыл чарба министрлиги тоскоолдуксуз иштөө үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү, — деди ал.

Дезинфекциялоо иштерин айрыкча, оору чыккан жерлерде күчөтүүнүн, жарандардын кыймылына, үй карантининин шарттарына көзөмөлдү күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, обсервация жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоого, тартылган медицина кызматкерлерин өздүк коргонуу каражаттары менен толук камсыздоого жана белгиленген коопсуздук эрежелеринин алар тараптан аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча күчөтүлгөн иштер уланууда.

Аймактарды тест-системалар, дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери улантылууда. Ошондой эле, калктын социалдык аярлуу катмарына ун жана азык-түлүк түрүндө даректүү жардам көрсөтүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM