Биз менен байланышыңыз

Учурда 1900 адам обсервацияда жатат

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 2005 | 0

Бүгүн, 3-апрелде коронавирус жаӊы аныкталган он төрт  учурдун ичинен төртөө сырттан келген,  он адам оорулуулар менен байланышта болгондуктан жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

COVID-19 вирусу аныкталган 14 жаӊы учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Жалал-Абад ш. – 2;
• Чүй облусунда – 1;
• Бишкек шаары – 6.

Учурда республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат. Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 403;
Чүй облусу – 173;
Ош шаары – 56;
Ош облусу – 263;
Жалал-Абад облусу – 189;
Баткен облусу – 584;
Нарын облусу – 108;
Талас облусу – 24;
Ысык-Көл облусу – 100.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 130 адамда тастыкталды.  Алардын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер. Учурда өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандардын саны 125 адам. Алардын төртөөнүн абалы оор. Ошол эле учурда 5 жаран айыгып, бир жаран каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM