Биз менен байланышыңыз

Быйыл дипломдук ишти жактоо онлайн өтүшү мүмкүн

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1234 | 0

Быйыл дипломдук ишти жактоо онлайн түрдө өтүшү мүмкүн. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Ал, учурдагы кырдаалга байланыштуу жогорку окуу жайларда окутуу дистанттык түрдө, AVN программасы аркылуу ишке ашырыларын айтты.

2011-жылдан бери жогорку окуу жайларда AVN программасы ишке ашырыла баштаган – автоматташтырылган билим берүү процесси. Бир катар алдыңкы университеттерибиз аны дистанттык, сырттан окутууда колдонуп келген. Бирок бүгүнкү күнү күндүзгү жана кечки бөлүмдө окуган балдарга AVN программасынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сабак берүү милдети турат. Буга бир топ окуу жайларыбыз даяр деп айтса болот, — деди ал.

Анын айтымында, азыркы кырдаал ушул бойдон кала берсе, жайкы сессия онлайн түрдө өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM