Биз менен байланышыңыз

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1413 | 0

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.

Карантиндик чектөөгө алынган көчөлөр:
• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;
• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы дезинфекция иштери улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM