Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алгачкы эки автоматташтырылган дезифекциялоо туннели өндүрүлдү

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1214 | 0

Covid -19 пандемиясы менен күрөшүү максатында жергиликтүү Steelex.asia компанияcынын цехинде алгачкы эки автоматташтырылган дезифекциялоо туннели өндүрүлдү. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучусу Жоодар Сайдилканов өзүнүн баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, алардын бирөө унаалар үчүн, экинчиси жөө адамдар үчүн чыгарылган.

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги Республикалык штабга акысыз тапшырылып, тийиштүү жерлерге орнотулат.

Ошондой эле Сайдилканов билдиргендей, адамдарды контактсыз түрдө коронавируска тестен өткөрүү үчүн кабиналар да өндүрүлө баштаган.

Опубликовано Jodar Saidilkhan Среда, 1 апреля 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM