Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 3873кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 353 | 0

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан каза болгондордун саны 3873кө жетти. Бул тууралуу федералдык жана жергиликтүү статистикалык маалыматтарга таянып Джонс Хопкинс университети билдиргенин РИА Новости агентиги жазды.

АКШда жалпы коронавирус тастыкталган 188 172 учур аныкталды. АКШ бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө биринчи орунда, ал эми Италия жана Испания андан кийинки орундарда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

Аталган уюмдун акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөдө 750 миңден ашык адам коронавирус жуктурган учур катталып, вирус пайда болгондон бери 36 миңден ашуун адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM