Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандарга «жашыл коридор» түзүлдү

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 354 | 0

Кыргыз Республикасынын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар 2020-жылдын 1-майына чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргызстандын аймагынан чыгып кете алышат. Тиешелүү буйрук өкмөт тарабынан кабыл алынган.

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

«Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да Кыргыз Республикасынын аймагында боло алышат жана 2020-жылдын 1-майына чейин андан тышкары тоскоолдуксуз чыгып кете алышат»,- деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM