Биз менен байланышыңыз

Бишкекте такси жана коомдук транспорттор толугу менен токтотулат

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 953 | 0

Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук унаалар жана такси кызматы толугу менен токтотулат.

Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин жеткирүү боюнча план иштеп чыкканын билдирди.

Белгилей кетсек, 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош облусунун Ош шаарында, Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

25-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 42 учур аныкталган.


Бүгүнтөн баштап жарандар 3 себеп менен гана сыртка чыга алат

Copyright © 2017 Maral FM