Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн чогулган акчадан эч колдонула элек

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1114 | 0

Коронавирустан коргонуу ишине каржылык жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке чогулган акчадан эч колдонула элек. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, Финансы министрлигинин административдик эсебине 24-мартка карата 11 млн 300 миӊ сом түшкөн.
Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, комиссия түзүлүп, анын курамына ЖК депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет.

Кошумчалай кетсек, аталган эсеп коронавирустан коргонуу ишине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Ага юридикалык жана жеке жактар ыктыярдуу түрдө каражат которо алат.

Copyright © 2017 Maral FM