Биз менен байланышыңыз

Иранда чек арада калган кыргызстандык 60тай айдоочу өлкөгө келе жатышат

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 600 | 0

Иранга оор жүк ташуучу унаалар менен барып, коронавируска каршы карантинде калып калган кыргызстандык 60тай айдоочу мекенине келе жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик дипломатиялык корпустарынын кийлигишүүсү менен алардын маселеси чечилген. Учурда 25 айдоочу Казакстандан Кыргызстанга жол алышты. 21 киши Орусиянын аймагына жетишти. 10 айдоочу унаасы менен Азербайжан-Орусиянын чек арасында жолдо келе жатышат.

Тышкы иштер министрлиги айдоочулардын маселеси көзөмөлгө алып, үзүлтүксүз байланышта турганын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM