Биз менен байланышыңыз

Чет жактарда эс алууда жүрүшкөн 13 кыргызстандык мекенине келди

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 462 | 0

Кыргызстанга Бангкок (Таиланд), Коломбо (Шри-Ланка), Шарм-Эль-Шейх (Египет) шаарларынан эс алууга барышкан 13 жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коштоосу менен атайын транспортто Кыргызстандын аймагына кирип, атайын бекитилген медициналык процедурадан өткөрүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлиги Казакстан, Малайзия, Индия, Сауд Аравиясы жана Алматы шаарындагы башкы Консулдугу менен бирге чек аралар жабылып, эл аралык байланыштар токтотулганына байланыштуу чет жактарда калган 13 туристти алып келүүнүн маселесин иштеп чыгышкан.

Учурда казак тараптын көмөгү жана Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясынын тыгыз аракеттери менен Шарм-Эль-Шейхтен (Египет) туристтерди алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM