Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 1 доллардын баасы 85 сомго жогорулады

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 1471 | 0

Бишкекте 1 АКШ долларынын наркы 85 сомго чейин жогорулады. Борбор калаанын Москва-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайларынын көпчүлүгүндө баанын жогорулаганын байкоого болот.

Ошондой эле бир катар банктарда да 1 АКШ доллары 85 сомдон сатыкка коюлганы маалым болду.

Улуттук банк доллардын кымбаттаганынын себеби тууралуу үн ката элек.

Эскерте кетсек, буга чейин 1 АКШ доллары 73 сомдон сатылып жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM