Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда депутаттар карантинге таркашты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 615 | 0

Өзбекстандын төмөнкү палатасы 16-марттан тарта карантинге таркады. Бул тууралуу Өзбекстандын депутаты Дониёр Ганиев билдиргенин CentralAsia жазып чыкты.

Маалыматка караганда, комитеттик отурумдар, фракция жыйындары токтотулган.

Депутаттын айтымында, парламент имаратында кылдат медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жеке гигиенаны сактоого шарт түзүлгөн.

“Мындай катаал карантин төмөнкү палата иштебей калды дегенди түшүндүрбөйт. Учурда парламент ичинде электрондук система түзүлүп, документтерди электрондук түрдө алмашуу шарттары каралган»,- дейт депутат.

Ошондой эле, мыйзамдарды талкуулоо, аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөө, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана карап чыгуу электрондук түрдө жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда Өзбекстанда 15 жарандан коронавирус аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM