Биз менен байланышыңыз

Бала бакчалар жабылбайт

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 750 | 0

Балдарды бала бакчаларга жибербей коюуну ата-эне өзү чечет. Бирок бала бакчалар иштей берет. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу чараларын көрүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында айтылды.

«Күндө иштеген ата-энелер балдарын үйгө калтырып кеткенге шарты жок болгон үчүн бала бакчалар жабылбайт. Ошол эле учурда баланы жиберип же жибербей коюуну ата-эне өзү чечет. Бала бакчаларда Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөткөн гигиеналык эрежелерди туура сактоо керек», -деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда 16-марттан тарта 6-апрелге чейин бардык мектеп жана жогорку окуу жайлар карантинге жабылган. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Ушундан улам кээ бир ата-энелер бала бакчалар эмне себептен жабылбай жатканы тууралуу маселе көтөрүшкөн.

Республикалык штаб ата-энелерге балдарын эл көп чогулган жерлерге жибербөөнү, оюн аянтчаларына чыгарбоону, соода борборлоруна, компьютердик клубтарга, кинотеатрларга баруусун көзөмөлдөөгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM