Биз менен байланышыңыз

Казакстандыктарга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 647 | 0

Казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу CentralAsia жазды.

Анда айтылгандай, бул тыюулар эмделүү үчүн башка мамлекетке барууга мажбур болгондорго тийиштүү эмес. Ошентсе да, алар алдын-ала Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирүүсү кажет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 9 адам коронавирус менен катталды. Анын жетөөсү Алматыда, экөөсү Нур-Султанда.

15-мартта өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.

Кошумчалай кетсек, Борбор Азия өлкөлөрү арасында Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус катталды. Өзбекстанда вирусту жуктургандар 6га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM