Биз менен байланышыңыз

Футбол: Премьер-Лиганын жаңы сезондогу оюндары старт алат

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2020 | 470 | 0

Бүгүн, 14-мартта эки беттеш менен Кыргызстандын Премьер-Лигасынын жаңы сезону старт алат. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунан (КФС) кабарлады.

Ош шаарындагы Момунов атындагы футбол Академиясынын оюн талаасында лигага жаңыдан кошулган Оштун “Каганат” клубу Бишкектик “Алга” командасын кабыл алат. Ал эми Кант шаарында жергиликтүү “Абдыш-Ата” Чүйдүн “Кара-Балта” клубу менен ойнойт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Кыргызстандын футболдук союзу күйөмандарды оюнду стадиондон барып көрүүдөн карманууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM