Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтүүнү убадалады

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 675 | 0

Кыргыз Өкмөтү мектептеги билим берүүнү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу менен катар эле мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапары менен барган учурда билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Абылгазиев Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиева атындагы орто мектепке барганда, билим берүү мекемесинин жетекчилиги эски терезелерди алмаштырып берүүнү, ошондой эле, жаңы спорт зал куруп берүүнү өтүндү. Андан сырткары, Кара-Жыгач айылындагы 1967-жылы курулган Табалдинов атындагы орто мектеп капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж жана анын спорттук, жыйындар залын куруу керек.

Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө багытталат. Республиканын бардык аймактарында мектептер курулууда. Биз билим берүү чөйрөсүнө мындан ары да өзгөчө маани беребиз. Бул жерде мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, билим берүү тутумун жакшыртуу жана жаңы мектептерди куруу жөнүндө сөз болууда, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле окутуучулук курам менен маектешип, мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурдурду.

Биз мугалимдердин эмгек акысын баскыч баскычы менен көтөрүү үчүн колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатабыз. Өз кезегинде силер өз алдынча өнүгүүгө, окутуунун жаңы заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө, балдарга билим берүүгө жана жөндөмдөргө үйрөтүүгө, аларга билимдүү жана ийгиликтүү болууга дем берүүгө умтулууга тийишсиңер. Мектептерде кесибин сүйгөн адамдар иштөөсү үчүн биз мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөнү кайрадан жандандырышыбыз керек, — деди Өкмөт башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM