Биз менен байланышыңыз

Ош: Жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 84 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын В. Ленин көчөсүндө «Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM