Биз менен байланышыңыз

Ош: Коронавируска байланыштуу ыкчам штаб иш алып барууда

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 594 | 0

Учурда Ош шаарынын аймагында коронавирустун алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб тарабынан “Күчөтүлгөн даярдык” тартиби киргизилип, эпидемияга каршы иш-чаралардын ыкчам даярдыгын камсыз кылуу, өз ара кечиктирилгис чараларды уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Келген жарандардын бардыгы алгоритимдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, дене табы көтөрүлгөндөр, ден соолугуна даттангандар катталган жок. Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган, Кытайдан жана башка вируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы 449 койкалар (обсерватор) жана изоляторлор даярдалган. Ошондой эле, Ош шаарында 232 кошумча койкалар, изоляторлор даярдалды.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун жана шаардын аймагында санитардык-эпидемиологиялык жана эпизоотикалык абал туруктуу, ыкчам байланыш кызматына жарандар тарабынан бир да жолу кайрылуу болгон эмес.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбор жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилип, ишкерлердин арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылды.

Copyright © 2017 Maral FM