Биз менен байланышыңыз

Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын жеңгендигин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 451 | 0

Кытай коронавирустун эпкинин кайтара алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү Ми Хэн маалымдаган.

Анын айтымында, Уханды эске албаганда Хубэй провинциясындагы бардык шаарларда бир жумадан бери вирус жуктурган бир дагы жаңы факт каттала элек. Ал эми Хубэйден башка аймактарда вирус жуктурган жети учур катталды. Алардын алтоосу  — чет өлкөдөн киргендер. Акыркы бир күн ичинде Кытайда коронавирустан 11 адам каза болсо, 15 жаңы жагдай катталган. Бул башка күндөргө салыштырмалуу эң аз катталган кез болду.

Кытайдын Ухань шаарында коронавирусту жеңгенин билдирип, медицина кызматкерлери салтанаттуу түрдө беткаптарын чечкен видео тарады.

Алгачкы коронавирус 12-декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Эпидемия башталгандан бери Кытайда 80 981 адам вирусту жуктурду, анын 3 173ү көз жумду. Ошондой эле, 62 913 бейтап илдеттен айыкты. Соңку 1 жумадан бери жаңы жагдайлар миңден ашкан жок. Кытайда абал бир топ турукташты, бирок вирус материктик Кытай тышында 120дай мамлекетке жайылды. Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын 46 миңге жакыны Кытай тышындагы өлкөлөрдө катталган. Айрыкча, Европа мамлекеттеринде абал оорлошуп барат.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.


Актер Том Хэнкс менен жубайы да коронавируска чалдыкты

Copyright © 2017 Maral FM