Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Месси Гүлжигит Алыкулов «Кайрат» менен «Окжетпести» жеңди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2020 | 580 | 0

Кыргызстанык футболчу Гүлжигит Алыкуловдун “Кайрат” командасы Казакстандын чемпионатындагы кезектеги жеңишине жетти. Бүгүн Алматылык “Кайрат” Көкчөтаулык “Окжетпес” клубун кабыл алып, 5:0 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу беттештин 55-мүнөтүндө алмашууга чыгып, командасына 11 метрлик айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгүн жаратты. Пенальтини командалашы Артур Шушеначев голго айландырды.

Көп өтпөй Гүлжигит дарбаза сызыгынан сырттан дагы бир стандартык абалды жаратып, ал да гол менен коштолду.

Бул оюн Кыргызстандык Мессинин (Казакстанда ушунтип атап жатышат) “Кайрат” курамындагы экинчи беттеши. Буга чейин биринчи турда Алыкулов “Тараз” командасына каршы беттештин 81-мүнөтүндө эсеп 1:1 болуп турганда алмашууга кирген. Оюндун жыйынтыгында Гүлжигиттин командасы 2:1 эсебинде утуп алган.

Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында Алматы шаарынын “Кайрат” клубуна өткөн. Келишим 2+1 схемасы боюнча түзүлгөн.

Буга чейин кыргызстандык жарым коргоочу Беларустун “Неман” клубунда ойноп келген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM