Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү шайлоо: Шаарларга жапырт катталгандар тизмеге киргизилген жок

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 577 | 0

Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган шаарларга жаңыдан каттоого турган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

Жашаган жерин өзгөрткөн жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Анткени алар жатаканага же башка жерлерге каттоого турган. Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган 30 аймакта 340 470 шайлоочу болгон. Тактоолордон кийин жалпысынан 2066 адам кошулду. Ал эми Ош шаарында 576га көбөйдү. Калганын укук коргоо органдары териштирип бүткөндөн кийин гана тизмеге өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынат, — деди Бекматов.

Буга чейин Ош шаарына 35 895 киши, Караколго 3 159 адам каттоого турганы белгилүү болгон. Бир эле дарекке 1 000 адам катталганы аныкталган. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Бекматов, ошондой эле, Ош шаарына жаңыдан каттоого турган 30 миңден ашуун жарандын азырынча добуш берүүгө укугу жок экенин белгиледи. Укук коргоо органдары 28-мартка чейин чечим чыгарышы керек, эгер кечиктирилсе, алар шайлоого катыша албайт.

Эске салсак, 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине жана ондогон айылдык кеңешке шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM