Элибизге белгилүү назик ырчы айым, Асель Кадырбекова өзүнүн жеке сулуулук борборун ачуу алдында турат. Азыркы учурда салондун ачылыш аземине даярдануу иштери жүрүп жаткан учур.
«Салон ачууну 3 жылдан бери пландап жүргөм, бирок акыркы убакта гана чындап ишке киришип, 1 айда салонду толук даяр кылдык. Түйшүгү абдан оор, бирок салондо жалаң өз кесибинин мыкты адистери иш алып барышат, аталышы өзүмдүн аты-жөнүмө байланыштуу”, — дейт ырчы.
Эскерте кетсек, аталган сулуулук борбор шаарыбыздын Панфилов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.